Башкы прокуратура: Ички иштер министринин орун басары Ф.Үсөновду убактылуу кызматтан четтетүү боюнча токтом чыгарылды
Ички иштер министринин орун басары Фурхат Үсөновду убактылуу кызматтан четтетүү боюнча токтом чыгарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. "Тергөө тобу Фурхат Үсөнов кызматта турган учурда ага карата козголгон кылмыш ишинде тергөөнүн калыс жүрүшү боюнча, ички иштер органдарында иштеген күбөлөргө жана түздөн-түз кол алдында иштеген кызматкерлерге кысым көрсөтөт деп эсептейт. Айыпталуучу Үсөновду убактылуу кызматтан четтетүү тууралуу токтом ички иштер министрине жиберилди. Иш боюнча тергөө жүрүп жатат",- деп айтылат прокуратуранын билдирүүсүндө. Айта кетсек, Үсөнов "курал колдонуудагы бейбашчылык" беренеси боюнча айыпталууда. Иликтөөдө булар белгилүү болгон: 2012-жылдын 9-мартында саат 01:30 чамасында Бишкектин Токтогул көчөсүндөгү №64-үйдүн жанында ИИМдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн мурдагы кызматкери Д.Аманов менен Фурхат Үсөновдун ортосунда түшүнбөстүк жаралган. Пикир келишпестик курчуп, министрдин орун басары табелдик ТТ тапанчасынан 2 жолу ок чыгарып, коомдук тартипти бузган. Маалымдалгандай, биринчи ок Д.Амановдун Мерседес унаасына атылып, унаанын алдынкы айнеги талкаланган. Тиешелүү органдардын окуя болгон жерден сурак жүргүзүүсүнөн кийин Ф.Үсөновдун коомдук тартипти бузгандыгы толук далилденген.