Бүгүн, 12-июлда Бишкек шаарында Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти Бишкек шаарында паспорттук-визалык жана каттоо иштер бөлүмүн ишке киргизди. Өлкөдө биринчи жолу ишке киришип жаткан мындай бөлүмдүн ачылышына вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев катышып, бул аракет алыскы аймактардан келген жарандарга жаралган ыңгайсыздыктарды жоюуга шарт түзөрүн белгиледи. Бул бөлүмдүн негизги милдети - республиканын алыскы аймактарынан келип, Бишкек шаарында жашап жаткан жарандарга кызмат көрсөтүү. Андай жарандардын көп жылдан берки паспорт маселесиндеги кыйынчылыктарга чекит коёт. Себеби буга чейин паспортун жоготуп алгандар же паспортунун мөөнөтү өтүп кеткендер жаңы паспорт алуу үчүн сөзсүз каттоодо турган жериндеги паспорт берүүчү органдарга гана кайрылышы керек болчу. Эми алар бул жерден паспортун калыбына келтирсе болот. Аталган бөлүмдүн дареги Бишкек шаарындагы Чолпон-Ата №2 дарегинде жайгашкан.