Жалал-Абад. КРнын туңгуч Премьер-министри Насирдин Исановдун эстелиги өзү каза болгон Ош-Бишкек жолунун боюна тургузулат

Белгилүү мамлекеттик ишмер, КРнын туңгуч Премьер-министри Насирдин Исановдун 70 жылдыгына карата анын айкели Ош-Бишкек жолунун 513-чакырымында тургузулат. Мындай маалыматты өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Белгилей кетчү жагдай, Н.Исанов Ош-Бишкек унаа жолунун дал ушул 513-чакырымында автокырсыктан каза болгон. Ал эми мындай демилгени колдоп Ноокен районунун Ж.Момбеков айыл өкмөтүнүн жергиликтүү депутаттары эстелик үчүн трассанын боюнан 252 чарчы метр жер бөлүп беришти. Бүгүн, 11-июлда Жалал-Абад облусунун башчысы Жусубали Торомаматов аталган жерде болуп, жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты. Исановдун айкелин тургузуу үчүн Жалал-Абад облусундагы архитекторлордун арасында сынак жарыяланып, жеңүүчүгө облустагы өкүлчүлүк тарабынан 20 миң сом берилет. Эстелик жасоого кеткен чыгымды демөөрчүлөр, инсандын жакындары жана жергиликтүү бийлик көтөрөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан