Ысык-Көл. Жети-Өгүздүн тургундары "Кумтөр" ишканасынын иши менен таанышты

11-июль күнү саат 12:00дө Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун 40тай тургуну "Кумтөр" ишканасына барып, кен чыга турган жердин абалы менен таанышты. ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун айтымында, "Кумтөр" ишканасынын кызматкерлери район элине ишкананын бардык иш-аракеттери тууралуу маалымат берип, кен иштетиле турган жер менен тааныштырды. Ишкананы көргөн тургундар "Кумтөр" маселеси тууралуу коюлган талаптарды эске салып, Жети-Өгүз районуна оорукана куруп, райондун инфраструктурасын көтөрүүгө жардам берүү өтүнүчтөрүн айтышты. Ишкана кызматкерлери жана ОИИБинин жетекчилиги аларга "Кумтөр" маселесин учурда өкмөт карап жатканын белгилешип, жакынкы күндөрдө маселе толугу менен чечилерин айтышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан