Ысык-Көл. Облуста жыл башынан бери баңгизатка байланышкан 14 кылмыш катталды

Облус боюнча 2013-жылдын 6 ай аралыгында баңгизатка байланышкан 14 кылмыш катталды. Бул тууралуу Баңгизаттарын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын облустагы өкүлү Саламат Жусупов билдирди. Айтымында, 14 кылмыштын ичинен 7си баңгизатты өндүрүү, сатуу фактысы, 6сы баңгизатты мыйзамсыз сактоо, апийим өстүрүү боюнча 1 факты катталды. Белгилей кетсек, 6 айда мыйзамсыз айлантылган 30 килограмм 525 грамм баңгизат колго түштү, алар 415 грамм гашиш, 14 килограмм 610 грамм марихуана жана башкалар болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан