Бүгүн, 12-июлда президент Алмазбек Атамбаев “2012-жылдын 11-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы реадмиссия жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, бул мыйзамды Жогорку Кеңеш 27-июнда кабыл алган. Ага ылайык, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусия тарапка Кыргызстан жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткарганы жөнүндө кабарлоого тийиш. Бул мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.