Азия оюндарында жана Дүйнөлүк Универсиадада кыргызстандык спортчулар мыкты ийгиликтерди көрсөтүштү. Өкмөт спортчуларды колдоо үчүн конкреттүү эмне иштерди жасашы керек деп ойлойсуз?

Акыркы апталарда Кыргызстандын атын дүйнөгө спортчулар таанытып жатышат. Тактай кетели. 3-июлдан 8-июлга чейин Бишкекте өткөн оор атлетика боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда Кыргызстан курама командасы командалык эсепте 1-орунду ээледи. Ал эми бокс боюнча Иорданияда өткөн Азия чемпиондугунда мушкер Азат Үсөналиев кыргыз спортуна жаңылык киргизип, өлкөдө биринчилерден болуп алтын медаль жеңди. Учурда Казань шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк Универсиадада спортчуларыбыз байгелүү орундарды багындырышууда. 2 алтын, 2 күмүш, 6 коло медаль менен Кыргызстан 162 өлкөнүн ичинен 17-орунду ээлеп, Түркия, Өзбекстан өңдүү өлкөлөрдү артка таштап келе жатат. Муну менен кыргыз спортчуларына болгон калктын ишеними күч алып, "спортчуларыбызга мамлекет жакшылап колдоо көрсөтсө, алар биз күтпөгөн жеңиштерди багындырышмак" деген пикирлер айтылып жаткан учур. Кыргызстандык спортчуларды кантип өкмөттүк деңгээлде колдоп, демине дем кошуу керек? Бул багытта айрым инсандардын пикирин сурадык.

Азия оюндарында жана Дүйнөлук Универсиадада кыргызстандык спортчулар мыкты ийгиликтерди көрсөтүштү. Кыргыз өкмөтү өлкөдөгү спортту жана спортчуларды колдоо үчүн конкреттүү эмне иштерди жасашы керек деп ойлойсуз?

Тайырбек Сарпашев, вице-премьер-министр:

- Кыргыз спортуна жана спортчуларга мамлекет дайыма көңүл буруп келген. Спорт - мамлекеттин жүзү. Кечээ жакында эле болуп өткөн Азия оюндарында, чемпиондуктарда жана Казань шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк Универсиадада биздин спортчулар жакшы ийгиликтерге жетишти. Аларды сыйлоо боюнча алдын ала өзүбүздүн пландар бар. Ал спортчунун жетишкен ийгилигине жараша берилет.

Александр Воинов, кикбоксинг боюнча КРнын курама командасынын башкы машыктыруучусу:

- Өкмөт спортчуларга жакшылап көңүл буруп койсо, жыйынтыгы сөзсүз болот. Учурда спортто дүйнөлүк атаандаштык күчтүү. Эгер спортко жана спортчуларга бүгүнкү күндө сапаттуу көңүл бурулбаса, анда ал өз имиджин жоготот. Бул багытка өкмөт тарабынан жетиштүү көңүл бурулса, баңгизат колдонууга берилип бара жаткан жаштар да азаймак. Спортчулар өмүрүндөгү эң жакшы күндөрүн спортко арнайт. Алар күн сайын машыгып туруусу керек. Бирок ошол эле учурда башкалардай эле кийинип, тамактанып, эки жакка басып, үйлөнүп, үй-бүлө куруусу керек. Ошол себептен өкмөт спортчуларга негизгиси материалдык жактан жардам көрсөтсө, ийгилик арбын болмок.

Каныбек Осмоналиев, ЖКнын депутаты, Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы:

- Учурда спорттогу ийгиликтерге, жетишкендиктерге өкмөттүн эч бир салымы жок. Бул ийгиликтер машыктыруучулардын эмгеги. Акыркы 2-3 жылдан бери өкмөт тарабынан спортко көңүл бурулбай калды. Азыр чоңдорго ийгиликке жетишүү эмес, оюндар гана болуп турса жетиштүүдөй сезилет. Алар ошонун шылтоосу менен жер-жерлерди кыдырып, эс алууга мүмкүнчүлүк алышат. Жогорку Кеңештин отурумдарында да спорт концепциясын көтөрө турган маселелер коюлуп, бирок каралбай жатат. Спортчуларга сөзсүз түрдө стимул бере тургандай сыйлыктарды коюш керек.

Мурат Саралинов, Дене тарбия жана спорт комитетинин директору:

- Спортчуларга үй, автоунаа сыяктуу мүлктөрдү бергенге караганда акчалай жардам көрсөткөн туура. Себеби көпчүлүк спортчулар үй-бүлөсүнө, ата-энесине жардам берүүнү каалашат. Биз бүгүнкү күндө спортчуларыбызды сыйлоо боюнча реестр түзөлү деп жатабыз. Менимче, өкмөт муну колдойт болушу керек. Спортчуларыбыз "Азия оюндарында, чемпиондуктарда, Дүйнөлүк Универсиадада жана башка мелдештерде медалдарды жеңсек кандай сыйлыктар болот?" деп күтүшөт. Жакынкы күндөрү премьер-министр менен бул маселени талкуулаган жолугушуу болот. Балбандарыбыз Азия оюндарынын, Дүйнө жана Азия чемпиондуктарынын жана башка мелдештердин жеңүүчүлөрү болушса кандай сыйлыктарга ээ болорун, кандай жеңилдиктер болорун алдын ала билүүсү керек. Бул спортчулар үчүн стимул болот.

Канатбек Бегалиев, спортчу:

- Бул суроого менин бир эле жообум бар. Өкмөт спортчуларды кызыктыра турган, аларга стимул бере турган кандайдыр бир сыйлыктарды коюшу керек. Мисалы, бир үй же автоунаа. Балким, бир сумманы көрсөткөн акчалай сыйлык. Спортчулардын эмгеги бааланыш керек да. Чемпиондуктарга узатып жатканда жөн эле “сен барып утуп кел, анан буюрса, минтебиз, антебиз” деп кетирип койбой, аларга стимул бере тургандай кылып, көрсөтүлө турган жардамдарын алдын ала айтышы керек өкмөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Nurik2
2013-07-12 19:49:50
Ийгилик силерге Аллах колдосун биздин спортчуларды!
0
maestro123
2013-07-12 19:57:12
Азыр дүйнөдө өнүккөн өлкөлөр спортко өзгөчө көңүл бурушат. А биздин спортту да жакшылап көңүл буруп материалдык базасын чыңдаса. Биздин жаштардан көп жетишкендиктерди күтсө болот.
0
tynar92kg
2013-07-13 00:22:10
Алга кыргызымдын намызка бек улан-кыздары.Казаньдан коптогон медальдарды багынткыла!!!
0
beka88
2013-07-13 09:06:29
алга кыргыз клкым,
0
PROS
2013-07-13 13:57:49
Бизде мамлекет жардам бермек турсун, тескерисинче, биринчи орунду алгандарга мамлекетке салык тогосун деп чыгышат! Атай Омурзаков м.н Гулжигит Калыков экоондой кылып!
0
Erkinbay_buiga
2013-07-13 18:34:49
спортту онуктуруу учун,айылдарга спортзалдарды кобойтуш керек,денсоолугу чын чыгаан спортчуулар айылда,комускодо калып жатышат
0
saru
2013-07-14 18:47:27
Айтыш кыйын мамлекет спортко эмес андан койгойлуу маселени чечкенге каражаты жок отурса,.Чындыгына келгенде мамлекет мындай спортчуларды колдоп турууга милдеттуу, Бирок ошол жардам бергендин ордуна, жон гана убада берип коюп жатышат.Анча-мынча спортчуларга болунгон акчаны жеп алып жатышат.Эмне демекпиз ийгилик жараткыла балбандар, элдин колдоосу, силерге кылган сый урматы эн чон сыйлык деп ойлойм.
0
bekbolot-NOOKAT
2013-07-15 07:26:41
ардам берет Иншаллах!!!Биздин окмоттун да пейли таза адамдары бар!!!
0
Asul
2013-08-14 23:16:58
Спорттон башкага алагды болбой, спортко баш оту менен киришип машыгышса Кыргызстанда алтын медаль алчулар коп эле чыгат. Материалдык жагы онурайып турса, спортсмен кантип бут дитин коюп машыгат?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан