Бүгүн, 12-июлда президент Алмазбек Атамбаевдин “Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” 2013-жылдын 1-июлундагы жарлыгын жүзөгө ашыруунун алкагында түзүлгөн Кыргызстандагы тил саясатын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун 1-отуруму болуп өттү. Отурумдун катышуучулары стратегиялык документти даярдоо маселелерин талкуулашты. Анда “Кыргызстандагы тил саясатынын негиздери акыркы жылдарда кабыл алынган стратегиялык документтерде, анын ичинде мамлекет башчысынын жакында жарыяланган жарлыгында камтылган. Биз анда мамлекеттик тилдин бириктирүүчү ролун өнүктүрүү жана тил саясатынын майнаптуулугун жогорулатуу боюнча милдеттерди чечүү үчүн мындан аркы чаралар аныктала турган сапаттуу өнүмдү берүүбүз керек. Келиңиздер, бизге президент жана коомчулук арткан ишенимди актоо үчүн болгон күч-аракетибизди жумшайлы”,- деп белгиледи жумушчу топтун жетекчиси, ЖКнын депутаты Чыныбай Турсунбеков. Топтун мүчөлөрү иш планын бекитип, өз ара аракеттин натыйжалуулугун камсыздоонун принциптерин жана методдорун аныкташты. Ошондой эле тилди окутуунун жана стандартташтыруунун методологиясы, тил чөйрөсүндөгү башкарууну оптималдаштыруу, мамлекеттик тилдин беделин жогорулатуу жана жайылтуу багыттары боюнча топтор түзүлдү. Белгилей кетсек, жумушчу топтун кийинки отуруму үстүбүздөгү жылдын 19-июлунда болот.