Баткен. Баткенде өрүк как кантип даярдаларын көрдүңүз беле?

Баткен өрүк кагы, анын көрүнүшү жана даамы көпчүлүккө белгилүү. Бирок анын кургатылышын баары эле биле бербейт. Учурда баткендиктер өрүк кургатуу менен алек. Ар бир үйдүн короосунан эң аз дегенде 10-15 түп өрүк багын көрүүгө болот. Баткенде өрүк кантип кургатылары тууралуу Баткен шаарынын тургуну Максатбек Таиров буларды айтып берди: “Өрүктү кургатуунун 2 түрү бар. Биринчиси - табигый жол менен кургатуу, экинчиси - күкүрт (SO,2) менен ыштап кургатуу. Табигый жол менен кургатууда өрүктү терип алып, аны кырманга жайып коюу жетиштүү. Ал эми күкүрт менен ыштап кургатууда өрүк салынган жашиктерди тегиз жерге төрт бурчтук формасында ортосуна боштук калтырып биринин үстүнө экинчисин коюп тизебиз. Бош калтырылган орунга күкүрттү темир идишке салып, аны күйгүзүп түтөтүү керек. Анан жашиктердин үстүн клеёнка менен ороп, ышталган өрүк 10-12 саат дымдалып турат. Андан соң оролгон өрүктү ачып, атайын таштан, целлофандан, камыштан жасалган орундарга жаябыз. 1000 килограмм өрүккө 1-2 килограмм күкүрт жетет. Ышталган өрүк күнгө жайылып, кичине суусу кургаганда өрүктүн ичинен данегин чыгарып, аны атайын даярдалган тактайларга тизип күнгө коёбуз. Данексиз өрүк как эл арасында баргек, кайса, сыкма деп аталат. Данектери жуулуп, күнгө жайылып кургатылат. Күкүрт менен ышталган өрүктүн данегин чыгарбай кургатса деле болот”.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан