"Евробирлик Кыргызстанга колдоо көрсөтүүгө даяр" деди ЕБдин өкүлү Дирк Меганк

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 12-июлда Европа комиссиясынын DEVCO башкы дирекциясынын Азия, Борбордук Азия жана Тынч океан аймагы боюнча директору Дирк Меганкты кабыл алды. Асылбек Жээнбеков Д.Меганкка 2013-жылдын 10-июлунда Бишкек шаарында өткөн өнүктүрүү маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги конференцияга катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Кыргызстандын билим берүү секторун реформалоого 20 миллион евро өлчөмүндөгү каржылык жактан колдоо боюнча Каржылык Келишимге кол коюлгандыгы белгиленди. "Билим берүү – бул өлкөнүн ийгиликтүү келечеги. Жогорку Кеңеш мамлекеттин турмушундагы бардык тармактарда, анын ичинде билим берүү чөйрөсүндө жүргүзүлүшү керек болгон реформалардын локомотиви болуп саналат",- деди төрага. Д.Меганк Евробирликтин Кыргызстан менен кызматташуу боюнча пландары менен азыркы таптагы кызматташуунун келечектүү багыттары жөнүндө маалымат берди. Анын айтымында, келечекте өнөктөштүктө билим берүү чөйрөсүнө, укуктун үстөмдүүлүгүн бекемдөөгө жана айыл жергесиндеги калктын жашоо деңгээлин көтөрүүгө басым коюлмакчы. Акыркы маселе боюнча Д.Меганк даректүү жардам берүүнүн маанисин баса белгиледи. Андыктан, анын пикиринде, КР Өкмөтү менен бирдикте бара-бара жетишерлик каржы ала турган жергиликтүү калкты жана өлкөнүн тиешелүү райондорун колдоо боюнча планын иштеп чыгуу актуалдуу. Мейман өнүктүрүү маселелери боюнча болуп өткөн конференциянын жогорку деңгээлин белгиледи. "Акыркы жылдары Кыргызстанда жетишилген өзгөрүүлөр, өлкөдөгү парламенттик демократияны бекемдөө сезилерлик. Евробирлик Кыргызстанга колдоо көрсөтүүгө даяр",- деди ал. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан