Бүгүн, 26-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга сересеп салабыз.
24-ноябрда Бишкекте "Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртеӊ" деген темада саясий күчтөрдүн курултайы өттү. Жыйынга Медеткан Шеримкулов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Ахматбек Келдибеков, Кылычбек Султан, Эмилбек Каптагаев, Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Турсунбек Акун, жалпы 600дөй адам катышты. Иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев, парламент спикери Дастан Жумабеков, экс-президент Алмазбек Атамбаев да чакырылган, бирок келишкен жок. Бийликтен президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, вице-премьер Жеңиш Разаков, Жогорку Кеңештин депутаттары Канат Исаев менен Курманкул Зулушев катышты.
Экс-губернатор Эмилбек Каптагаев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 6 жылдык иши боюнча баяндама жасаса, президент Сооронбай Жээнбековдун 1 жылдык иши боюнча экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаров доклад жасады. Жогорку Кеӊештин ишмердүүлүгү боюнча Равшан Жээнбеков сөз сүйлөдү.
Күтүлгөндөй эле курултайдын көпчүлүк убактысы Атамбаевдин дарегине ачуу сындарды жаадыруу менен өттү. Каптагаевдин докладынын маңызын “Атамбаев бийликти узурпациялап алган, бийликтен кеткен соӊ Кой-Таштагы үйүндө жатып алып өлкөнү башкаргысы келген” деген ой түздү. Бул сөз Атамбаев бийликтен кетер жылы эле айтылып баштаган. Курултайдын алдында президент Жээнбеков "24.кг" сайтына маек берип, анда "Атамбаев үчүнчү күчтөр аркылуу мени жетеленме президент кылгысы келди" деп чыкты. Бул билдирүү Атамбаевге карата сындарды күчөттү. Каптагаев Атамбаев бийликке келген соӊ Апрель революциясынын максаттарын унутту, Акаев-Бакиевдин тушундагыдай режим орнотту дейт. Андай коркунуч азыр деле бар экенин Каптагаев докладына кошкон жок. Мындай коркунучтун бар экендиги уюштуруучулар “калыс аянтча” деп атап жаткан курултайда айтылбады, талкууланбады.
Докладчы Азимбек Бекназаров президент Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшүн колдоо керектигин, бирок күрөш тандалма жүрүп жатканын айтат. "Коррупциялык чечимдерди кабыл алган башка премьерлердин Жантөрө Сатыбалдиев менен Сапар Исаковдон кандай айырмасы бар?" деп суроо салат ал. Малайзияда бийликке келген Махатхир Мохамад 1 аптанын ичинде мамлекетке 50 миллиард доллар уурдалган акчаны кайтартты. Уурдалган акчалар казынага кайтарылбаса, чиновниктерди түрмөгө отургуза берүүдөн кандай пайда? Жарандык коомдун "камоолорду күчөтүү керек" деген колдоосун бийлик коррупцияга каршы күрөш ураанына жамынып өзүнө ыӊгайсыз адамдардан арылуу үчүн колдонуусу мүмкүн. Курултайда Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров өӊдүү камактагы саясатчылардын ишин кайра кароо зарыл экени айтылды. Бекназаров кесиптеши Өткүрбек Жамшитовго "Ак Үйдөн буйрук күтпөй, өз алдыӊызча ишти жасай бериӊиз" деген кеӊеш берди. Өткүрбек Жамшитов кызматка президенттин сунушу менен дайындалган. Ал парламентте шайланып жатып кызматка сунуштаганы үчүн Жээнбековго кайра-кайра ыраазычылык айтканы элдин эсинде. Ушундай адам президенттен көз карандысыз, өз алдынча иш жүргүзөт деп күтүү кыйын, айрыкча Текебаев, Жапаров өӊдүү саясий гиганттар боюнча иштерди кайра кароодо.
Дагы бир баяндамачы Равшан Жээнбеков Жогорку Кеӊешти өзүнүн миссиясын аткара албай жатат деп сындады. Ушул эле пикирди Бекназаров да айтты. Жалпысынан экс-президент Атамбаев менен Жогорку Кеӊеш катуу, президент Жээнбеков жумшак формада сындалды. Курултайдын аягында президент Сооронбай Жээнбековдун 1 жылдык ишине "канааттандырарлык" деген баа берилди. Парламенттин жана экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 6 жылдык иши "канааттандырарлык эмес" деп табылды. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестиги алынсын деген сунуш да колдоо тапты. Жаӊы Конституция кабыл алуу, саясий негизде камалгандардын ишин кайра кароо, Кыргыз жаранынын паспортуна "улуту" деген графаны кайтаруу өӊдүү сунуштар айтылды. Курултай кабыл алган чечим юридикалык күчкө ээ эмес, андыктан айтылган сунуштарга, сын-пикирлерге бийликтен конкреттүү реакция болору күмөн. Коомчулукта курултай боюнча экс-президент Атамбаевди жамандап, азыркы президенттин көзүнө көрүнүүнү эӊсеген саясий топтун жыйыны тура деген пикирлер айтылып жатат. Албетте, кеткен бийликтин ишине баа берилиши керек. Бирок ал кимдир-бирөөнү элге жек көрсөтүү же өч алуу үчүн эмес, азыркы бийликке сабак болуусу, катачылыктарды кайталабоо үчүн керек. Атамбаевдин 6 жылы жаман деп табылып, ошол эле Атамбаевдин тушунда губернатор, президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары, премьер-министр болуп турган азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун 1 жылдык ишин курултайчылар жакшы деп баалашты...
Башкы прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мүлктөрү тууралуу ЖМКларга жазылган билдирүүлөрдү текшерүү үчүн УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына сунуш жөнөттү. Буга чейин жарандык активисттердин айрым өкүлдөрү да Атамбаевдин Түркиядагы бизнесин сатууга байланыштуу текшерүү жүргүзүүнү талап кылып келишкен. Алар Алмазбек Атамбаев өзү көп айтуучу миллиондогон долларлык байлыгын 2010-жылдан кийин, бийликке келгенде тапты, текшерүү керек деп келишкен. 2017-жылы “Атамбаевдин Гүлжанлар” ишканасындагы 90 пайыз үлүшүн сатып алды” делген “Электромед” компаниясы билдирүү жасап, Атамбаевге 35 миллион доллар төлөп бергенин билдирген. Бирок чын эле ошондой суммада алып-сатуу болгонун тастыктоочу документтер коомчулукка көрсөтүлө элек. Өмүрбек Текебаев да Атамбаевдин кантип байыганын өз алдынча иликтөөгө киришип, аягына чыга электе камалып кеткен. Атамбаевдин тушунда президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүн жетектеп турган Алмаз Үсөнов Текебаевге карата "бул киши адал акчаны мародёрлуктан табылган акча менен чаташтырып жатат. Атамбаев таза мээнет менен байыган " деген. Жакында Апрель телеканалына берген маегинде Атамбаев мамлекеттик кызматка келгиче Түркияда бизнес жүргүзүп миллионер болгонун баса белгилеп айтты. УКМК менен Башкы прокуратура президенттин колунда. Андыктан текшерүүнүн жыйынтыгы Атамбаевдин пайдасына чыкпай калышы толук мүмкүн. Мындай окуялар экс-президент Алмазбек Атамбаевге кылмыш ишин козгоого аракет жүрүп жатканын көрсөтөт. Бирок өлкөдөн качып кеткен, оор кылмыштарга айыпталган эки президентти калкалап отурган өнөктөш өлкөлөр, бийликтен 27 жылдан бери түшпөй келе жаткан Казактардын эл башы өңдүү лидерлер коңшу өлкөдө экс-президенттин камалып кетишине жол беришери күмөн...
2017-жылкы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековго кеӊешчи болгон саясий технолог Алексей Василивецкий өлкөдөн чыгып кетти. Муну ал өмүрүнө коркунуч туулганы менен түшүндүрдү. Интернет баракчасына жазган билдирүүсүндө Василивецкий 2017-жылкы президенттик шайлоодо талапкер Сооронбай Жээнбековго кеӊешчи болуп иштегени үчүн акы алганын моюнга алды. "Акыркы мезгилде аӊдуулар жана кооптуу билдирүүлөр болуп жатат. Өлкөдөн кетип, саясий кырдаалды сырттан байкап турууну чечтим", - дейт ал. Жакында экс-президент Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоодо талапкер Жээнбековдун шайлоо штабында башкы эсепчи болгон адам өмүрүнө коркунуч туулган соӊ өлкөдөн чыгып кеткенин билдирген. Мындай окуялардан улам тарых кайталанып жатабы деген суроолор пайда болууда. 2008-жылы - Бакиевдин тушунда БШКнын жетекчиси Клара Кабилова Бишкек шаардык кеӊешин шайлоого байланыштуу өмүрүнө коркунуч туулганын айтып сыртка чыгып кетүүгө аргасыз болгон.
Эки апта мурун юрист Нурбек Токтакунов 2017-жылкы президенттик шайлоодо талапкер Сооронбай Жээнбеков шайлоо кампаниясына расмий суммадан 10 эсе көп, башкача айтканда, 1,7 миллиард сомдун тегерегинде акча жумшаган делген файлды жарыялаган эле. Ал жарыялаган документ боюнча Алексей Василивецкийге жалпысынан 12 миллион сомго жакын акча берилген. Тизмеде Жээнбековдун шайлоо штабын жетектеген Фарид Ниязовго да ири суммада акча берилгени жазылган. Ниязов Токтакунов жарыялаган маалымат чын экенин, шайлоо алдында аталган сумманы алганы ырас экенин моюнга алды. Тизмедеги дагы бир адам - КСДПнын атайын өкүлү Кундуз Жолдубаева да файлда көрсөтүлгөн сумманы алганын ырастады. Эми Василивецкий акча алганын ачыктады. Мындай комментарийлер 2017-жылкы президенттик шайлоонун мыйзамдуулугуна күмөн жаратат. Адахан Мадумаров күчтүү саясий партиялардын өкүлдөрүнөн улуттук комиссия түзүлүп, бул айтылып жаткан маалыматтарды иликтеп чыгуу керек, ансыз элде, эл аралык коомчулукта дагы бийликке ишеним болбойт, Кыргыз өлкөсүнүн эл аралык аброюна катуу сокку урулат дейт. Ал эми президенттик аппараттын өкүлү Толгонай Стамалиева Токтакунов жарыялаган документти жалган маалымат деп атап, ага комментарий берүүнүн кажети жок деп билдирген. Шайлоодо талапкер Жээнбековдун командасында иштеген адамдардын минтип четинен "өмүрүмө коркунуч жаралды" деп өлкөдөн чыгып кетип жатышы шайлоодо "кара касса" иштеди деген маалыматтын салмагын арттырууда. Бул күндөрү 2017-жылдагы президенттик шайлоодо экинчи орунду багынтып, 600 миңдей шайлоочунун добушун алган Өмүрбек Бабановдун пикирин күткөндөр көп. Эң “салмактуу” каарман жымжырттык сактоо менен өзүнүн саясатка, өлкөгө кайтуусун кечеңдетүүдө...
23-ноябрда Бишкекте "Жылдын тандоосу" фестиваль-сынагы өттү. Анда Кыргыз өлкөсүндөгү мыкты делген товарлар жана кызматтар керектөөчүлөр жана эксперттер тарабынан тандалды.
"2018-жылдын мыкты гезити" номинациясы Кыргыздагы эң көп нускалуу "Супер-Инфо" гезитине ыйгарылды. Эл аралык "Жылдын тандоосу" фестивалы Кыргыз өлкөсүндөгү белгилүү жана сапаттуу товарларды жана кызматтарды жайылтуу үчүн жыл сайын өткөрүлөт. Долбоордун башкы максаты белгилүү бир товардын же кызматтын сапатын жана популярдуулугун бирдиктүү баалоо болуп саналат. Баалоо керектөөчүлөр жана дасыккан эксперттер тарабынан жүргүзүлүп, ар бир номинация боюнча лидерлер тандалат. Бул фестиваль Кыргыз өлкөсүнөн тышкары Украина, Беларусь, Казакстан өңдүү өлкөлөрдө өткөрүлөт.
Мамлекеттик ММКларга коомдук деген статус берип, Байкоочу кеңеш органдарын киргизүү менен деле абал өзгөргөн жок. Алар Акаев, Бакиевдин кезиндегидей эле дайыма бийликтин гана сөзүн сүйлөп келе жатышат. Андыктан коомчулук альтернативдик маалыматка муктаж. Эч бир саясий күчкө көз карандысыз “Супер-Инфо” гезитинин “жылдын мыктысы” деп табылып жатканы коомчулукта андай муктаждыктын бардыгын билдирет...
Камакта жаткан Садыр Жапаровдун иши кайра карала турган болду. Адвокат Шарабидин Токтосуновдун айтымында, Бишкек шаардык прокуратурасы Жапаровдун күнөөсүз экинине далил болуучу видеокайрылууларды карап чыгып, кошумча териштирүү жүргүзүү үчүн материалдарды Биринчи Май райондук прокуратурасына өткөрүп берди. Прокуратура текшерүүдөн соӊ ишти кайра кароо үчүн райондук сотко жибермекчи. Буга чейин Башкы прокуратура Жапаровдун иши кайра каралбай турганын билдирген. Бул иште жабырлануучу деп көрсөтүлгөн Эмилбек Каптагаев сотто Жапаровго эч кандай доосу жок экенин айтып, аны актоону суранган. Жакында экс-президент Алмазбек Атамбаев азыр доом жок деп жаткан Каптагаев убагында Садыр Жапаровду жазага тартууну айтып суранып жүргөнүн айтып чыкты. Каптагаев болсо Атамбаевдин сөзүн “калп” деди. Кимиси чын, кимиси калп айтып жатканын расмий документтерсиз аныктоо кыйын. Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши да кайра каралышы керектиги айтылып келе жатат. Буга чейин Башкы прокуратура ишти кайра кароого негиз жок деп баш тарткан. Текебаев менен Чотоновдун тарапташтары ишти жаӊы ачылган жагдайларда кайра кароого негиз бар деп, бирок жыйынтык чыгара албай жатышат. Жапаровдун иши боюнча Бишкек шаардык прокуратурасынын чечими камактагы саясатчылардын иштери боюнча өзгөрүү болорунан кабар берди...