15-июлда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Ал эми өлкө боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусунда күндүз +24...+28°C, түнкүсүн +14...+19°C
Талас облусунда күндүз +23...+28°C, түнкүсүн +13...+18°C
Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз +27...+32°C, түнкүсүн +15...+20°C
Баткен облусунда күндүз +26...+31°C, түнкүсүн +13...+18°C
Ысык-Көл облусунда күндүз +18...+23°C, түнкүсүн +10...+15°C
Нарын облусунда күндүз +19...+24°C, түнкүсүн +8...+13°C
Бишкек шаарында күндүз +27...+29°C, түнкүсүн +16...+18°C
Борбор калаада жаан-чачын болушу күтүлбөйт.