Татарстандын тургуну №4-Нижнекамский колониясындагы күйөөсү менен узак убакытка жолугушууга кирерде тооктун жумурткасынын ичине самогон жашырып кирем деп кармалып калды. Камкор аял 15 жумуртканын ичине 1 литрден ашык самогон батырган. Жаза аткаруу федералдык кызматы соттолгон жарандын жакындары жаза өтөө мекемесине алып кирүүгө тыюу салынган каражаттарды өтө кыйтырлык жол менен алып кирүүгө аракет кылганын айтып, учурда иш сотко өткөнүн маалымдады. Аялдын административдик жоопкерчиликке тартылышы күтүлүүдө.