Бүгүн, 27-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга сересеп салабыз.
Бишкекте 24-ноябрда өткөн "Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртеӊ" деп аталган курултайдын уюштуруучулары Азимбек Бекназаров, Эмилбек Каптагаев, Кеӊешбек Дүйшөбаев жана Турсунбек Акун маалымат жыйын беришти. Жыйында Бекназаров КСДПны бир буту экс-президент Алмазбек Атамбаевде, экинчиси президент Сооронбай Жээнбековдо турат деп сындап, "алар бир тарапка өтсүн, биз Жээнбеков тарапка өттүк" деп жарыялады.
Биз дегенин коомчулук аталган 4 саясатчы деп кабыл алды. Курултайды уюштургандардын дагы бири Равшан Жээнбеков оппозициялык көз карашта калганы көрүнүүдө. Ал президент Жээнбеков бүт бийлик бутактарын басып алды, бул жакшылыктын белгиси эмес деп коӊгуроо кагып жатат. Ал эми Жээнбеков тарапка өттүк деп жар салгандар - Атамбаевдин тушунда кызматсыз жүргөндөр. Мисалы, Бекназаров 8 жылдан бери, Дүйшөбаев соӊку 3 жылдан бери, Каптагаев менен Акун 5 жылдан бери кызматка келише элек. Маалымат жыйында Каптагаев өлкөдө дагы бир ажыдаар-президентти жаратууга жол бербөө зарылдыгын айтты. Сөзү туура, ал үчүн президентке такай калыс сын, өлкөдөгү реалдуу кырдаал, Ак Үйдүн ичинен да, сыртынан да эскертүүлөр айтылып турушу кажет. Бирок тарых тастыктагандай - сын айтып жүрүп ыӊгайы келгенде бийлик тарапка өтүп кеткендер эзели президентке сынчы болуп жарыткан эмес. Ажону тегеректеп жүргөндөр дегеле ага ачуу чындыкты оӊою менен жеткирбей турганы да белгилүү. Андыктан Каптагаев баштаган 4 курултайчы азыркы бийликтин Толубай сынчысы боло аларына ишенүү кыйын. Равшан Жээнбековдун курултай бир жактуу өттү, Атамбаевди тепкилеп, президент Жээнбековду мактоого көп убакыт арналды, өлкөдө күчтүү оппозиция жок экен деп чыкканы бекеринен эместиги даана көрүндү. Курултайдын дагы бир уюштуруучусу Адил Турдукулов мурдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Бекназаров менен Каптагаевде Атамбаевге карата кандайдыр бир талаптарды коюуга моралдык укугу жок дейт. “Биринчиден, аны ушулар бийликке алып келишти. Экинчиден, 2010-жылы декрет түрүндөгү мыйзамсыздыктар дал ушулардан башталган”, - деди Турдукулов. Айтор, курултай элдин эмес, азыркы президентти мактап, көзүнө көрүнгүсү келген саясий топтун кызыкчылыгын көздөп өттү деген пикирлер көп айтылууда.
2010-жылы мартта Бакиевдин бийлиги Бишкекте "Ынтымак" деген курултай өткөргөн. Бийликке нааразычылык күчөп, саясий абал курчуп турган шартта өткөн бул курултайда делегаттар Бакиевдин бийлигин аябай макташкан. 1 айга жетпей өлкөдө Апрель революциясы болду. Оппозиция "Ынтымак" курултайына катышуудан баш тарткан. 24-ноябрдагы курултайга да Адахан Мадумаров өӊдүү туруктуу оппозициядагы саясатчылар дээрлик катышкан жок. Турсунбек Акун "мындай курултай 1991-жылы өткөн, ушундай дух 28 жылдан кийин кайра кайталанды" деп көкөлөтө баа берди. Деген менен алардын "биз Жээнбековду тандадык" дегени “бул жыйын айрым адамдарга Ак Үйгө жагынууга курал болуп берди” деп көӊүлү калгандарды ого бетер көбөйттү...
Жогорку Кеӊеш депутаттарына балага бир жолу берилүүчү сүйүнчү пул көп көрүнүүдө. КСДП фракциясынан депутат Улан Примов сүйүнчү акчаны баарына тегиз эмес, чыныгы муктаждарга гана берүү керек деп чыкты. Депутат бюджетти ушинтип үнөмдөгүсү келет.
Мыйзамга ылайык, жаӊы төрөлгөн ар бир ымыркай үчүн бир жолу 4 миӊ сомдон сүйүнчү акча берилет. Аны алуу да жеӊил эмес, ата-энелер көрүнгөн мекеменин эшигин каккылоого мажбур экени айтылып, сындалып жүрөт. Расмий маалыматка таянсак, 2019-жылы бюджеттен сүйүнчү пул үчүн 1 миллиард 8 миллион сом бөлүнмөкчү. Депутаттын сунушу каржы министри Адылбек Касымалиевге жакты. Башкы казыначы "мамлекеттик кызматтагылар сүйүнчү пулга муктаж деле эмес" дейт. Бирок мамлекеттик мекемелердин катардагы кызматкерлеринин эмгек акысы аз экендигин, аны көтөрмөйүнчө коррупция, пара алуу маселелерин токтотуу кыйын экенин да ушул эле депутаттар менен өкмөт мүчөлөрү айтып келе жатышат.
Өлкөдө балага бир жолу 4 миӊ сом сүйүнчү акча берүүнү караган Жөлөк пул мыйзамы Алмазбек Атамбаевдин тушунда, 2017-жылы кабыл алынган. Кептин баары - чыныгы социалдык колдоого муктаждарды аныктоодо болууда. Үй-бүлө ай сайын алуучу жөлөк пул чыныгы муктаждарга берилбей калып, ал эми муктаж эмес үй-бүлөлөр мамлекеттен жардам алып жатканы талаш жаратып келет. Бул мүчүлүштүк бар экенин чиновниктер моюнга алып, бирок аны кантип чечүү жолун көрсөтүшө элек. Ал эми сүйүнчү акча үй-бүлөнүн муктаж же муктаж эместигине карабай жаңы төрөлгөн балдар үчүн тегиз берилет. Соӊку 2 жылда Жөлөк пул мыйзамы 2 жолу өзгөртүүгө учурап, катуу талаш-тартыштар менен коштолду. Өлкөдө мамлекеттик колдоого муктаждарды жана муктаж эместерди аныктай турган бирдиктүү систем жок. Ошентип, багы ачылбаган Жөлөк пул мыйзамы кайра депутаттардын талкуусуна түшүшү мүмкүн болуп турат. Кантип коррупцияны тыйып, кескин өзгөртүүлөрдү жасап, экономиканы көтөрүүгө болорун ойлоно турган Жогорку Кеӊештин тапкан акылы ушул. Элдин ырыскысын бууп, чектөө менен бюджетти толтурса болорун айтып отурушат...
Кара-Суу районунда мектеп окуучулары ортосунда массалык мушташ чыгып, 15 жаштагы бир окуучу денесинен жаракат алып ооруканага жеткирилди. Ош облустук милициясы мушташка катышкан деп аталган аймактын 2 айылындагы 10-11-классынын 31 окуучусун кармады. Жаңжалдын себеби такталууда.
Мындан 1 ай мурун Баткенде да 30дай окуучу катышкан массалык мушташ орун алып, 2 бала оор абалда ооруканага түшкөн. Бул окуя боюнча "териштирүү жүрүп жатат" деген бойдон маалымат бериле элек. Мындан 2 жыл мурун Сузак аймагында эки айылдын жаштары ортосунда мушташ чыгып, бир бала бычакталып каза болгон. Мындай окуялар көп. Өлкөдө Билим берүү министрлигине жыл сайын бюджеттен ири суммада акча бөлүнөт. Алмазбек Атамбаев президент кезинде Кыргыз Республикасынын жалпы бюджетинин 24 пайызы билим берүү тармагына бөлүнүп жатканын, бюджетинин төрттөн бирин билим берүүгө жумшаган дүйнөдө бир да өлкө жок экенин айтып жүргөн. Бул 30-35 миллиард сомдун тегерегиндеги акча. Ага карабай билим берүү тармагында алдыга жылыш жок. Быйыл ноябрда Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен 5-6-класстын окуучуларына жаӊы китептер даярдалып, таратылары айтылган. Расмий маалыматка таянсак, Италия жана Вьетнамдан басылган китептер чек арада турат, бажы процедурасы созулууда. Долбоордун өкүлү Ильяс Сарыбаев Кыргыз окуучулары үчүн Индияда басылган китептерде ката кеткенин, аны оӊдоо убакытты алганын, алар өлкөгө качан алып келинери белгисиз экенин билдирди. Айтор, Билим берүү министрлиги дүйнөлүк каржы уюмдары бөлгөн акчага китеп даярдоону өз убагында, сапаттуу бүтүрө албай убара. Көрүнүп тургандай, тарбиялык көрсөткүч да кубанарлык эмес. Окуучулар айыл-айыл, мектеп-мектеп болуп мушташып, бири-бирин өлтүрүүгө чейин жетүүдө. Жаш мугалимдердин айлыгы канча экенин билбеген билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева бюджеттен ири көлөмдө каражат бөлүнүп жатканына карабай, тармакты оңдой албай жатат...
Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти комитети экс-президенттерден кол тийбестикти алып салуучу мыйзамдын долбоорун 1-окууда карап, жактырды.
Долбоорду депутаттар Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушев даярдап, жайында коомдук талкууга чыгарган. Негизги өзгөртүү "Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндө" мыйзамдын 12-беренесин жоюу. Бул беренеде бардык экс-президенттер кол тийбестик макамына ээ экени, аларды президент кезинде жасаган же жасабай койгон иши үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу мүмкүн эместиги жазылган. Авторлор Конституцияда экс-президенттердин кол тийбестиги тууралуу берене жок экенин, андыктан аталган мыйзамды Баш мыйзамга дал келтирүү зарылдыгын айтып жатышат. "Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндө" мыйзамдын айрым башка беренелерине да өзгөртүүлөр киргизилмекчи. Мыйзам долбоору эми Жогорку Кеӊештин жалпы жыйынында каралат.
Коомчулук бул мыйзам долбоорун экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу аракети деп кабыл алууда. Бирок ушундай эле кооптуу абал "экс-президент" макамы бар Роза Отунбаеваны да тооруп турат. Мындай “турбуленттик” аймакка кайсы бир убакыттан кийин учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков да туш болот...