14-июлда Талас облусундагы Кара-Буура районунун Кайнар айылында чек ара маселеси боюнча жыйын болду. Ага район акими Чолпон Төрөкулов, райондук прокурор Улан Ибраим уулу, Көк-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Канат Мамбетов, суунун Казакстанга берилишинин токтотулушу боюнча түзүлгөн комиссиянын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты. Анда тургундар “Быстроток” каналынын ачылып Казакстанга суунун берилишине каршы экендиктерин билдиришти. “Чек ара маселеси көп жылдан бери чечилбей келе жатат. Эгер бул көрүнүш дагы деле улана берчү болсо, анда биз бул маселени эл аралык деңгээлге чейин көтөрөбүз”,- дешти суу тосуп турган жергиликтүү тургундар. Айта кетсек, нааразы тарап 7-июлдан бери сууну бууп турушат. Алар 2008-жылы казак тарапка өтүп кеткен "Большой клин" жер тилкесине байланышкан маселени чечип берүүнү талап кылышууда. Чогулгандардын айтымында, аталган аймак аркылуу кыргыздар малдарын айдап өтө алышпай калган.