Жалал-Абад: Кадыржан Батыровдун "Достук" университетинин имаратын оорукана кылып пайдалануу сунушталууда

Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев бүгүн, 15-июлда Жалал-Абад облусунда иш сапары менен жүрөт. Алгач обладминистрацияда жергиликтүү активисттердин катышуусунда жыйын болуп, аймактагы көйгөйлөр талкууланды. Жалал-Абад облустук ооруканасынын башкы дарыгери Абдилатип Шамшиев "шаарда мечиттер көп, бирок ооруканалар аз. Демек жаңы оорукана куруу учурдун талабы. Шаардагы "Достук" университетинин имаратын оорукана кылып пайдаланалы",- деген сунуш айтты вице-премьер-министрге. Тайырбек Сарпашев бул маселени карап чыга турганын билдирди. Айта кетсек, аталган жеке менчик окуу жай 2010-жылдагы Июнь окуясынын башкы күнөөкөрлөрүнүн бири Кадыржан Батыровго таандык болчу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан