"Кыргыз Петролеум Компани" ишканасына мамлекеттик мекемелер 405 миллион сом карыз

Жалал-Абаддагы "Кыргыз Петролеум Компани" ишканасы жыл башынан бери 38 миң тонна товар өндүргөн. Бул тууралуу Кыргыз Нефти-Газ ассоцияциасынын директору Жеңишбек Жумалиев бүгүн, 15-июлда Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барган вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге ишкана боюнча маалымат берип жатып билдирди. Айтымында, ишкана 6 ай аралыгында өндүргөн товардын 54 пайызын мазут, 11 пайызын мунай, 29 пайызын дизель майы түздү. Ал эми ишканага мамлекеттик ишканалардын карызы 405 миллион сом. Анын ичинде "Кыргыз турак жай коммуналдык бирикмесинин" карызы 163 миллион сом, "Электр станциялары" ишканасынын карызы 68 миллион сом карыз. "Карызды өз убагында төлөшсө, биздин ишибиз да алдыга батыраак жылат эле",- дейт Жумалиев. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан