"Бишкекте 3 курсанттын өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы боюнча айыпталып жаткан Дүйшөбай Ногойбаев “Кыргызмедтехник” ишканасында 30 жылдан бери эмгектенет. Эч кимге жамандыгы жок адам болчу”,- дейт бүгүн, 15-июлда маалымат жыйында аталган ишкананын жетекчиси Болот Токочев. Айтымында, 11-июлда Свердлов райондук соту автокырсыкка себепер Москвич унаасынын айдоочусун убактылуу 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган. “Тергөө иши жүрүп жаткан учурда камалып турса, ал адам сынып калышы мүмкүн. Тергөө иши жүргүчө үй камагына чыгарып коюусун суранабыз. Күбөлөр айтып жаткандай, айдоочу мас эмес болчу, эч кимге жамандык кылбаган мыкты кызматкер. Дүйшөбай мырза экспертизадан өттү, ошондой эле кичи автобустун айдоочусу дагы өттү, экөө тең алкоголдук ичимдик колдонбогон болуп чыгышты”,- деди Токочев.