Кытай эч кандай кошумча шарттарды койбостон Кыргызстанга жардам берүүгө даяр

Кытай өлкөсү кыргыз тарапка эч кандай кошумча шарттарды койбостон жардам берүүгө даяр. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министри Ван И мырза Эрлан Абдылдаев менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча бүгүн, 15-июлда маалымат жыйында айтты. Маалыматка ылайык, Кытай коңшу мамлекеттер менен достук мамилени чыңдоо саясатын үзгүлтүксүз жүргүзүүдө. “Биз келечекте Кыргызстан менен достук мамилени чыңдоого кызыкдарбыз. Кыргызстан Кытайга салыштырмалуу аянты боюнча анча чоң эмес, бирок бул бизге тең ата жана ачык түрдө иш алып барууга зарыл шартты түзүүдө",- деди кытай министри. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан