“Ата журт” фракциясынын депутаты, Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеев бүгүн, 15-июлда прокуратура кызматкерлерине ММК аркылуу кайрылуу жолдоду. Анда, “11-июлда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Ленин райондук сотунда өтүп жаткан соттук отурумда айыпталуучу, Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин жана башка айыптуулардын жактоочулары сотко алардын күнөөсүз экендигин далилдеген документтерди бергендигин жокко чыгаргандыгы негизсиз”,- деп жазылат. Депутат Түлеев “жокко чыгаруу прокуратура кызматкерлеринин ишине кирбейт, алар өздөрүнүн жоопкерчилигинде болбогон ишке кийлигишип сотко басым жасап жатат” деген пикирин билдирген. Мындан сырткары ал, 2008-жылы Бишкектин мэри болуп иштеп турганда, шаарга кытайдан 200 автобус алып келүүдө түзүлгөн келишимде "жеткирүү" жана "ташып келүү" деген сөздөр туура эмес которулуп калгандыгын кошумчалап өткөн. Эске салсак, депутат Нариман Түлеев кытайдан жүргүнчү ташуучу автобустарды алып келүүдө мамлекеттин бюджетине 49 миллион 864 миң 780 сом зыян келтирди деп айыпталып жатат.