Бишкек ШИИББи: "Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү К.Имамов пара менен кармалды деген маалымат жалган"

Бүгүн, 15-июлда айрым маалымат булактары Бишкек шаардык ИИББинин басма сөз кызматына шилтеме берүү менен “Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы транспорттук каражаттарды каттоо жана айдоочулук түзүм боюнча департаменттин директорунун орун басары К.Имамов 5 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалып, ага кылмыш иши козголгонун жарыялаган болчу. Бирок Бишкек ШИИББи бул маалымат чындыкка жатпайт деп билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, мекеменин басма сөз кызматына эч ким телефон чалып аталган окуя тууралуу сураган эмес. Маалымат жалган экендигин, К.Имамов пара менен кармалбаганын жана ага карата эч кандай кылмыш иши козголбогондугу кабарланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан