Билим берүү жана илим министрлигине 6 айда жарандардан 545 арыз келип түшкөн
2013-жылдын 6 айында Билим берүү жана илим министрлигинин ишеним телефонуна 33 чалуу болгон. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, аларга оозеки түрүндө жооп берилген. Ал эми
коомдук кабылдамага 9 жаран
кайрылып, 5 жаранга кат түрүндө, калгандарына оозеки түрүндө
жооп берилген. Ошондой эле министрликке келип түшкөн жарандардын кайрылууларынын жана арыздарынын саны
545. Анын ичинде Президенттик аппараттан 19, өкмөттүн аппаратынан
92 жана жарандардан 434 кайрылуу келип түшүп, 446 арызга жооп берилип, 32 арыз учурда
аткарылууда.