"Манас" эл аралык аэропортунун жетекчиси Эмир Чукуев кызматынан кетип, жетекчинин милдетин убактылуу аткаруучу болуп Абдималик Бусурманкуловдун дайындалганы талкууга түштү. Анткени анын бир тууган агасы Эмилбек Бусурманкулов учурда өкмөттүн аппарат башчысынын орун басары болуп иштеп келет. Ошондой эле Бусурманкуловдор да, президент Сооронбай Жээнбеков да кара-кулжалыктар экени талкууга алынды. Ушул себептенби же башкаданбы, айтор, Абдималик Бусурманкулов аэропорттун жетекчисинин милдетин аткаруучу кызматынан алынды.
Буга чейин Каракол шаарынын мэри Адыл Каниметов президенттин агасы Жусупбек Шариповдун күйөө баласы экенин айтуудан баш тартып жүрүп, акыры ачыктаган. Ошондой эле өлкө башчынын кудасынын агасы Ыктыярбек Абжалиев "Мегакомдун" логистика бөлүмүнүн жетекчиси кызматына дайындалып, бир жума иштегенден кийин коомдогу нааразычылыктардан улам өз каалоосу менен жумуштан кетүү тууралуу арызын жазган.
SUPER.KG порталынын "Бийликтин дос-туугандарын кызматка коюу илдети канткенде токтойт?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Баатырбеков жооп берди.
Анын пикиринде, кайсы бир кызматка бийликтеги адамдын досу сунушталып жатса, анын потенциалын караш керек. "Дүйнө жүзүндө ушундай маселе бар. АКШнын бир президентинин: "Менин анчалык көп досум жок, бардык эле жерде тартип сактай албайм. Тартипти сактай турган тармактарга досторумду алып келдим, билген кишилерди алып келдим" деген сөзү бар. Бул маселеде биз жаман жагын эмес, жакшы жагын карашыбыз керек. Мисалы, чиновник чогуу иштешип жүргөн, дос болуп жүрүп потенциалын билип туруп, ушул тармакты тарта алат деп койсо дос жагын эмес, ал тармакка татыктуубу, ошол жагын карашыбыз зарыл. Ал эми кызматка туугандарды тарткан туура эмес, анткени Курманбек Бакиевдин убагында "туугандарым акылдуу" деген сөздөр да айтылып кеткен", - деди Баатырбеков.
Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Каныбек Осмоналиев, жарандык активист Адил Турдукулов, саясий серепчи Бакыт Бакетаев, коомдук ишмерлер Төлөгөн Келдибаев, Мукар Чолпонбаев, саясат таануучу Сейтек Качкынбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.