"Манас" эл аралык аэропортунун жетекчиси өз эрки менен кызмат ордун бошотту. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан кабарлады. Маалыматка ылайык, аэропорттун жетекчиси Эмир Чукуев бүгүн, 3-декабрда өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Анын ордуна жетекчилик кызматты жүргүзүүгө Абдималик Бусурманкулов дайындалганын жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.
Аэропорттун басма сөз кызматы эртең, 4-декабрда кеңири маалымат берилерин кошумчалады.