"Манас" эл аралык аэропортунун жетекчиси Эмир Чукуев кызматынан кетип, жетекчинин милдетин убактылуу аткаруучу болуп Абдималик Бусурманкуловдун дайындалганы талкууга түштү. Анткени анын бир тууган агасы Эмилбек Бусурманкулов учурда өкмөттүн аппарат башчысынын орун басары болуп иштеп келет. Ошондой эле Бусурманкуловдор да, президент Сооронбай Жээнбеков да кара-кулжалыктар экени талкууга алынды. Ушул себептенби же башкаданбы, айтор, Абдималик Бусурманкулов аэропорттун жетекчисинин милдетин аткаруучу кызматынан алынды.
Буга чейин Каракол шаарынын мэри Адыл Каниметов президенттин агасы Жусупбек Шариповдун күйөө баласы экенин айтуудан баш тартып жүрүп, акыры ачыктаган. Ошондой эле өлкө башчынын кудасынын агасы Ыктыярбек Абжалиев "Мегакомдун" логистика бөлүмүнүн жетекчиси кызматына дайындалып, бир жума иштегенден кийин коомдогу нааразычылыктардан улам өз каалоосу менен жумуштан кетүү тууралуу арызын жазган.
SUPER.KG порталынын "Бийликтин дос-туугандарын кызматка коюу илдети канткенде токтойт?" деген соболуна жарандык активист Адил Турдукулов жооп берди.
“Бул илдет кыргыз эли үчүн абдан көйгөйлүү нерсе. Себеби 2 революция тең билими тайкы, бирок бийликке жакын адамдардын кызматка отуруусунан келип чыккан. Азыр бешинчи президентти көрүп жатабыз. Анын тууганы, жээни же досу кызматка келсе эле, мурдагы илдеттен улам суроо жаралып жатат. Бул бийлик системинин туура эмес жолдо кетип жатканынан кабар берет. Президент кайрадан чарбалык иштерге аралашып, өлкө президенттик башкарууда жашап жатканын көрсөтүп жатат. Алгач бийлик системин өзгөртүп, бардык башкарууну премьерге толук кандуу өткөрүп бериш керек деген ойдомун. Ошондой эле парламент президенттик аппаратка баш ийбей, өкмөттү толук кандуу көзөмөлдөгөндү үйрөнүшү керек”, - деди Турдукулов.
Жогорку Кеңештин депутаттары, Ирина Карамушкина, Алмазбек Баатырбеков, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Каныбек Осмоналиев, саясий серепчи Бакыт Бакетаев, коомдук ишмерлер Төлөгөн Келдибаев, Мукар Чолпонбаев, саясат таануучу Сейтек Качкынбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.