Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев: "Бүгүнкү күндө жөнөкөй жарандын баласы сот же прокурор болушу кыйын"

"Манас" эл аралык аэропортунун жетекчиси Эмир Чукуев кызматынан кетип, жетекчинин милдетин убактылуу аткаруучу болуп Абдималик Бусурманкуловдун дайындалганы талкууга түштү. Анткени анын бир тууган агасы Эмилбек Бусурманкулов учурда өкмөттүн аппарат башчысынын орун басары болуп иштеп келет. Ошондой эле Бусурманкуловдор да, президент Сооронбай Жээнбеков да кара-кулжалыктар экени талкууга алынды. Ушул себептенби же башкаданбы, айтор, Абдималик Бусурманкулов аэропорттун жетекчисинин милдетин аткаруучу кызматынан алынды.

Буга чейин Каракол шаарынын мэри Адыл Каниметов президенттин агасы Жусупбек Шариповдун күйөө баласы экенин айтуудан баш тартып жүрүп, акыры ачыктаган. Ошондой эле өлкө башчынын кудасынын агасы Ыктыярбек Абжалиев "Мегакомдун" логистика бөлүмүнүн жетекчиси кызматына дайындалып, бир жума иштегенден кийин коомдогу нааразычылыктардан улам өз каалоосу менен жумуштан кетүү тууралуу арызын жазган.

SUPER.KG порталынын "Бийликтин дос-туугандарын кызматка коюу илдети канткенде токтойт?" деген соболуна коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев жооп берди. Ал бийликтин дос-туугандарын кызматка коюу илдетин токтотууга коом, жарандык активисттер таасирин тийгизе аларын баса белгиледи.

Анын айтымында, өлкөдө туугандарын кызматка алып келүүгө мыйзам жол бербейт. “Бирок бийликтеги адамдар ар кандай жол менен алып келе берет. Мисалы, Жогорку Кеңеште депутат болсо, анын баласы облустук, шаардык прокуратурада иштейт. Бүгүнкү күндө жөнөкөй жарандын баласы сот же прокурор болушу кыйын. УКМКга, Бажы кызматына жана башка кызматтарга жөнөкөй үй-бүлөнүн баласы жумушка кире албайт. Жетекчилердин ыйманы болбосо, туугандарын, балдарын кызматка алып келүү өнөкөтү токтобойт.

Президенттерибиздин ичинен бир гана Роза Отунбаева туугандарын, жакын адамдарын кызматка алып келген жок. Азыркы доордо тууганын, досторун, бажаларын, жакындарын кызматка алып келүү токтобой жатат. Ал татыктуубу, татыксызбы, баары бир. Буга бийликтеги адамдар этияттык менен мамиле кылуусу керек. Мен Ошто жашайм, Ак Үйдүн 6-7-кабатында отурган кайсы бир таасирдүү адамдардын жакындары, туугандары кайсы бир жерде бөлүм башчы болсо деле, кадр маселелери шаардык, райондук деңгээлдеги маселерди чечип жатат. Мындай көрүнүш Кыргыз мамлекетинин өнүгүшүнө терс таасирин тийгизет”, - дейт Келдибаев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Алмазбек Баатырбеков, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Каныбек Осмоналиев, жарандык активист Адил Турдукулов, саясий серепчи Бакыт Бакетаев, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев, саясат таануучу Сейтек Качкынбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан