"Манас" эл аралык аэропортунун жетекчиси Эмир Чукуев кызматынан кетип, жетекчинин милдетин убактылуу аткаруучу болуп Абдималик Бусурманкуловдун дайындалганы талкууга түштү. Анткени анын бир тууган агасы Эмилбек Бусурманкулов учурда өкмөттүн аппарат башчысынын орун басары болуп иштеп келет. Ошондой эле Бусурманкуловдор да, президент Сооронбай Жээнбеков да кара-кулжалыктар экени талкууга алынды. Ушул себептенби же башкаданбы, айтор, Абдималик Бусурманкулов аэропорттун жетекчисинин милдетин аткаруучу кызматынан алынды.
Буга чейин Каракол шаарынын мэри Адыл Каниметов президенттин агасы Жусупбек Шариповдун күйөө баласы экенин айтуудан баш тартып жүрүп, акыры ачыктаган. Ошондой эле өлкө башчынын кудасынын агасы Ыктыярбек Абжалиев "Мегакомдун" логистика бөлүмүнүн жетекчиси кызматына дайындалып, бир жума иштегенден кийин коомдогу нааразычылыктардан улам өз каалоосу менен жумуштан кетүү тууралуу арызын жазган.
SUPER.KG порталынын "Бийликтин дос-туугандарын кызматка коюу илдети канткенде токтойт?" деген соболуна саясий серепчи Бакыт Бакетаев жооп берди.
Ал Кыргыз мамлекетинде жашаган адамдар баары бири-бирине кандайдыр бир тууган экенин айтып, тууганды кызматка алып келүүдөн мурда өлкөдөгү башкаруу системин өзгөртүү керектигин билдирди.
“Башкаруу системи өзгөрсө коррупцияга жол берилбейт. АКШда демократиянын туу чокусу орногон. АКШнын президенти Дональд Трамптын кызы дагы, күйөө баласы дагы бийликтеги кызмат башчылар. Ал жакта мамлекеттик систем башкача түзүлгөн. Аялын кызматка алып келсе да коррупцияга жол бербейт. Ал эми биздеги мамлекеттик башкаруу системин өзгөртмөйүнчө, кадрларды алмаштыруудан майнап чыкпайт. Себеби өлкөдөгү башкаруу системи коррупциялашып калган.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев бир дагы тууганын бийликке алып келбей башкарды, бирок өлкөдө коррупция болду. Мамлекетти башкаруу системин өзгөртүп туруп, мамлекеттик кызматка тууган-досун алып келе берсин. Эгерде башкаруу системи коррупцияга жол берсе, тууганын бийликке алып келүү туура эмес”, - дейт Бакетаев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Алмазбек Баатырбеков, экс-депутаттар Мээрбек Мискенбаев, Каныбек Осмоналиев, Равшан Жээнбеков, жарандык активист Адил Турдукулов, коомдук ишмерлер Төлөгөн Келдибаев, Мукар Чолпонбаев, саясат таануучу Сейтек Качкынбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.