Жалал-Абаддын Ноокен районуна караштуу Достук айыл өкмөтүндө мындан 6 жыл мурун курулушу башталган №40-Токтогул атындагы орто мектеп быйылкы окуу жылы ишке киргизилет. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Жолболду Мамаев аймакка иш сапары менен барган вице-премьер-министр Тайрыбек Сарпашевге маалымдады. Айыл өкмөт башчысынын айтымында, жаӊы курулуп жаткан мектеп 192 окуучуга ылайыкталган. Анын сметалык баасы 35 миллион сом 900 миӊ сомду түзөт. Эске салсак, вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 15-июлда иш сапары менен Жалал-Абад облусунун бир катар райондорун кыдырды.