Президент Алмазбек Атамбаев “2013-жылдын 20-майында кол коюлган “Айылды инвестициялоонун экинчи долбоору үчүн экинчи кошумча каржылоо” боюнча каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2013-жылдын 27-июнунда кабыл алган. Мыйзамга ылайык, КРнын Тышкы иштер министрлигине белгиленген тартипте Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына кыргыз тараптын жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн ички мамлекеттик жол-жоболорду аткарганы жөнүндө кабарлоо тапшырмасы берилди. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.