Президент Алмазбек Атамбаев “Москва шаарында 2011-жылдын 20-декабрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин аймактарында аскердик инфраструктуранын мекемелерин жайгаштыруу жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2013-жылдын 27-июнунда кабыл алган. Мыйзамга ылайык, КРнынТышкы иштер министрлигине көрсөтүлгөн протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболор Кыргызстан тарабынан аткарылганы жөнүндө ЖККУнун катчылыгына билдирүү тапшырмасы берилди. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.