Президент Алмазбек Атамбаев “Чек аралык кызматтарды аймактык жакшыртуу” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду

Президент Алмазбек Атамбаев “2013-жылдын 22-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Чек аралык кызматтарды аймактык жакшыртуу” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 27-июнунда кабыл алынган. Мыйзамга ылайык, КРнын Каржы министрлигине Азия өнүктүрүү банкына Кыргызстан жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткарганы жөнүндө кабарлоо тапшырмасы берилди. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан