Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолун реконструкциялоо долбоору боюнча насыялык макулдашуу ратификацияланды

Президент Алмазбек Атамбаев “КРнын өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосунда 2013-жылдын 3-апрелинде кол коюлган Тараз-Талас-Суусамыр унаажолун реконструкциялоо, III фаза долбоору боюнча насыялык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамга кол койду. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2013-жылдын 27-июнунда кабыл алган. Мыйзамга ылайык, КРнын өкмөтүнө белгиленген тартипте жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө Ислам өнүктүрүү банкына билдирүү тапшырмасы берилди. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан