29-августта Шамалды-Сай ГЭСи ишке кирет

Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барган вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 15-июль күнү Шамалды-Сай ГЭСинде болду. Аталган ГЭСтин башкы инженери Алтынбек Айтикеев ГЭСте жакын арада оӊдоп-түзөө иштерин жүргүзүү пландары бар экенин вице-премьер-министрге маалымдады. Учурда Үч-Коргон ГЭСинде оӊдоп-түзөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады ал. Айтымында, 29-август күнү аталган ГЭСтеги оӊдоп-түзөө иштери бүткөрүлүп, кайрадан ишке берилмекчи. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан