Оштун көрүнүктүү жерлеринин бири Сулайман тоо болсо, Жалал-Абад шаарынын жашоочуларынын сүйүктүү жайы шаар четинде жайгашкан курорт аймагы. Курорттон эл үзүлбөйт, айрыкча жай мезгилинде. Калың бактуу аймак жана өзгөчө касиетке ээ булактары менен көпчүлүктү өзүнө тартып турат. Башкача айтканда, бул аймакта булактын ондогон түрү бар, алардын ар биринин температурасы жана даамы ар башка. Анан да бул суулардын дарылык касиети өзгөчө мааниге ээ.
Бул аймак шаардан 5 чакырым алыстыкта деңиз деңгээлинен 975 метр бийиктикте жайгашкан. Жалпы аянты 38 гектар.