Кыргыз мамлекетинде шайлоо алдында партиялар элдин добушун алуу үчүн бир канча куру убадаларды беришет. Андан кийин убадалар унутта калат. Мындан улам коомчулук дайыма Жогорку Кеңешти кескин сындап келишет. 2015-жылы парламенттик шайлоо өтүп, 6 партия жеңишке жеткен. Бул чакырылыштын депутаттарынын мөөнөтү бүтөрүнө 2 жылга жакын убакыт калды.
SUPER.KG порталынын "Жогорку Кеңешке шайланып келген партиялар шайлоочулардын ишенимин актап жатышабы?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Феликс Кулов жооп берди.
Ал парламент элдин ишенимин актаган жок деген пикирде.
"Парламенттин иши боюнча кандай жыйынтык болорун эми көрөбүз. Азырынча жакшы жыйынтык жок. Парламент начар иштеп жатат. Бир нече адам болуп парламенттик шайлоо боюнча Жогорку Кеңешке сунуш киргиздик. Азыр партиялык тизме менен шайланат. Бирок конкреттүү кайсы адамдар шайланары белгисиз. Ошондуктан аралаш болуп жатат. Биз шайлоочуга берилген бюллетенде талапкерлер жөнүндө маалымат жазылышы керектигин сунуштап жатабыз. Учурда бул каралып жатат. Бул парламентке пайдасыз болуп, өткөрбөй коюшат болуш керек", - дейт Кулов.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, мурунку баш прокурор Кубатбек Байболов, экс-акыйкатчы Бактыбек Аманбаев, саясий серепчи Алмазбек Акматалиев, саясий ишмер Темирбек Асанбеков, журналист Турат Акимовдун пикири төмөнкү шилтемеде.