КҮНСОБОЛ: Жогорку Кеңешке шайланып келген партиялар шайлоочулардын ишенимин актап жатышабы?

Тектеш кабарлар: КҮНСОБОЛ (404 материал)

Кыргыз мамлекетинде шайлоо алдында партиялар элдин добушун алуу үчүн бир канча куру убадаларды беришет. Андан кийин убадалар унутта калат. Мындан улам коомчулук дайыма Жогорку Кеңешти кескин сындап келишет. 2015-жылы парламенттик шайлоо өтүп, 6 партия жеңишке жеткен. Бул чакырылыштын депутаттарынын мөөнөтү бүтөрүнө 2 жылга жакын убакыт калды.

SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңешке шайланып келген партиялар шайлоочулардын ишенимин актап жатышабы?" деген собол салды.

ЖЭЭНБЕКОВ: "Эл добушун сата турган болсо, ишенимди актабаган партиялар келе берет"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков белгилегендей, шайлоочулардын көпчүлүгү өздөрүнүн добушун сатып жиберген.

"Ошондуктан биз партияларды күнөөлөгөндөн бир аз абайлашыбыз керек. Албетте, жалпысынан партиялар ишенимди актаган жок. Бирок партиялар парламентке келип жаткандыгынын баасын шайлоочулардын көпчүлүгүнө төлөп берип койгон. Ошондуктан биз партияларды күнөөлөгөндөн мурда шайлоочулар жөнүндө дагы айтып коюшубуз керек. Шайлоочулар добушун сатпай татыктуу адамдарга, партияларга добуш бериши керек болчу. Эл добушун сата турган болсо, ишенимди актабаган партиялар келе берет", - дейт Жээнбеков.

КУЛОВ: "Азырынча парламенттин ишинде жакшы жыйынтыктар жок"

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Феликс Кулов парламент элдин ишенимин актаган жок деген пикирин айтты.

"Парламенттин иши боюнча кандай жыйынтык болорун эми көрөбүз. Азырынча жакшы жыйынтык жок. Парламент начар иштеп жатат. Бир нече адам болуп парламенттик шайлоо боюнча Жогорку Кеңешке сунуш киргиздик. Азыр партиялык тизме менен шайланат. Бирок конкреттүү кайсы адамдар шайланары белгисиз. Ошондуктан аралаш болуп жатат. Биз шайлоочуга берилген бюллетенде талапкерлер жөнүндө маалымат жазылышы керектигин сунуштап жатабыз. Учурда бул каралып жатат. Бул парламентке пайдасыз болуп, өткөрбөй коюшат болуш керек", - дейт Кулов.

БАЙБОЛОВ: "Акыркы эки чакырылыштагы Жогорку Кеңеш дөңгөлөгү жок трактордой, дуулдайт, бирок жүрбөйт"

Мурунку баш прокурор Кубатбек Байболов партиялар шайлоочулардын ишенимин актаган жок деген пикирин айтты.

"Акыркы эки чакырылыштагы Жогорку Кеңеш дөңгөлөгү жок трактордой. Дуулдайт-дуулдайт, бирок жүрбөйт. Мамлекеттин тагдырына таасир берген чоң-чоң актуалдуу маселелерди чече алган жок, майда-чүйдө демилгелер менен иштеп жатышат. Айтор, партиялар мамлекетти башкарууга татыктуу деңгээлде Конституцияда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарын аткара алышкан жок. Эгерде ушул эрежелер менен шайлоо өтө турган болсо, кийинки парламент мындан да жаман болот. Кептин баары ошол акчага багытталган шайлоо эрежелеринде болуп жатпайбы? Аларды түп тамырынан өзгөртүш керек. Чыныгы лидер шайлана турган системди киргизүү керек. Азыркы систем өтө жараксыз", - деди Кубатбек Байболов.

АМАНБАЕВ: "Партиялар шайлоочулардын ишенимин, берген добушун актаган жок"

Экс-акыйкатчы Бактыбек Аманбаевдин айтымында, Кыргыз мамлекетиндеги эң адилетсиздиктин башаты - шайлоо мыйзамы. "Парламент шайлоочулардын ишенимин, берген добушун актаган жок. Муну ачык эле айтса болот. Парламент, тилекке каршы, коррупциялык, адилетсиз жол менен уюшулган орган. Эмне үчүн коррупциялык, адилетсиз? Кыргыз мамлекетинде кимдин 200 миң доллар акчасы болсо, ал Жогорку Кеңештин депутаты боло алат. Кимдин 500 миң доллар акчасы болсо, анда ал алтын мандат сатып алып, шайлоо процессине катышпай чет мамлекетте ойноп жүрүп депутат болот. Бул нерсени эч ким танып, жашыра албайт. Эртең кимдир-бирөө бул туура эмес десе, мени менен түз эфирге чыксын, далилдеп берем.

Шайлоодон кийин депутаттар көпчүлүк, азчылык коалиция түзүп жатат. Көпчүлүк көп, азчылык аз үлүш алып бөлүшүп Кыргыз мамлекетин тоноп, жешет. Жогорку Кеңеш 3 гана милдетти аткарышы керек. Аткаруу бийлиги эмне иш кылып жатканын түздөн-түз көзөмөлдөөсү зарыл. Алар көзөмөлдөбөй, күчтүү сын айтышкан жок. Себеби алардын ар биринин арты таза эмес. Элге каршы мыйзамдарды кабыл алып жатышат. Мисалы, Кыргыз мамлекетине келген ун азыктары боюнча мыйзам кабыл алышып, Кыргыз мамлекетине олчойгон зыян алып келишти. Депутаттар элдин көйгөйүн көтөрүп, чечишкен жок. Эл менен депутаттардын ортосунда байланыш үзүлгөн. Эл кимди шайлаганын билбейт. Партиянын тизмесин жетекчиси аныктайт. Ошондуктан Кыргыз мамлекетиндеги эң адилетсиздиктин башаты - бул шайлоо мыйзамы", - дейт Аманбаев.

АКМАТАЛИЕВ: "Бизде да АКШдагыдай президент өкмөттү башкарып, премьер-министрдин милдетин аткарышы керек"

Саясий серепчи Алмазбек Акматалиев парламентаризмден көңүлү калганын белгиледи.

"Партиялар шайлоого келе жатканда шайлоочулар көңүл буруучу убадаларды деле берген эмес. Ошого убадаларын аткарбай жатат деп айтуу кыйын. Партиялар убадалар менен да, программа менен да чыккан эмес. Районду бөлүп алып эле иштей беришти. Биз адамдарды эмес, партияны шайладык. Платформасын окуп чыккандар дагы болгон жок. Ким депутат болорун партиянын лидери чечти. Ушул систем менен кетсе, жоопкерчилик эч кимисинде болбойт экен. Партиялар идея менен бирикпей эле “Асандын партиясы”, “Үсөндүн партиясы” болуп түзүлгөн. Азыр фракция менен партия өзүнчө болуп калды. Учурда бизге кандай башкаруу системи керек, ушуну ойлонуу убактысы келди. Мен парламентаризмге ишенген адам катары бул башкаруудан көңүлүм калды. Парламентаризм жоопкерчиликке, тең салмактуулукка, стабилдүүлүккө алып барбайт деген тыянакка келдим. Бизде да АКШдагыдай президент өкмөттү башкарып, премьер-министрдин милдетин аткарышы керек. Ошондой эле күчтүү парламентти, сот бийлигин түзүү зарыл. Жергиликтүү бийликти да, сотторду да эл өзү шайласа туура болот", - деди ал.

АСАНБЕКОВ: "Азыркы парламенттеги партиялардын иш аткаруусунун жана жоопкерчиликтеринин деңгээли өтө төмөн"

Саясий ишмер Темирбек Асанбеков билдиргендей, Конституциянын чегинде мыйзам укуктары күчтүү болсо да, азыркы парламенттеги партиялардын саясий-экономикалык иш аркеттери өтө төмөн деңгээлге келип такалды.

"Биринчиден, партиялардын саясий конъюнктураларга туруштук бере албай, ар бир депутаттын жеке кызыкчылыктары партиянын принциптеринен жогору экени далилденди. Андыктан азыркы саясий топторду реалдуу партия күчү катары коом кабыл алуусуна күмөн саноо пайда болду. Экинчиден, саясий партиялардын түптөлүүсүнөн улам мыйзамдын сапатсыз экени далилденди. Партия өздөрүнүн парламенттеги депутаттарына жоопкерчиликти камсыз кыла албоосу жана көзөмөлгө ала албастыгы ачык эле аныкталды. Үчүнчүдөн, бул маселелер акыры сапатсыз аткаруу бийлигин түптөөгө жол ачып, ич ара жеке саясий кызыкчылыктарды коргоонун кесепетинен экономика оор абалга туш болду. Төртүнчүдөн, партия тартиптерине баш ийбеген популист депутаттар, жалпы элге жеке өзүнүн өзгөчө жөндөмдүүлүгүн көрсөтүү максатында аткаруу өкмөтүнө болгон дооматтарын жар салуу менен бийлик институттарынын кадыр-баркын коом астында өтө төмөн деңгээлге түшүрүп, саясий кризиске салымын кошуп жатышат. Жогоруда айтылган орчундуу себептерге байланыштуу, азыркы парламенттеги партиялардын иш аткаруусунун жана жоопкерчиликтеринин деңгээли өтө төмөн", - дейт Асанбеков.

АКИМОВ: "Азыркы парламентте жергиликтүү эл менен жолугушууга барып койбогондор да бар"

Журналист Турат Акимов партиялардын шайлоочулардын ишенимин актабашына жалпы систем күнөлүү деген пикирин айтты.
"Азыркы парламенттегилер эч кандай шайлоочулардын кызыкчылыгын аткара албайт. Анткени булар партиянын уставынын негизинде гана жүрүшөт. Анан партиянын өзүнүн отчёту болот. Ошол партиялардын КСДПдай болуп мүчөлөрү "силер эмне кылдыңар?" деп сураса, ошондо алар партиянын мүчөлөрүнө гана жооп бере алат. Жалпы эл, партияга жазылбагандар жана парламентке өтпөй калган партияларга булар эч кандай убада да берген эмес, бергенге да укугу жок. Эл партиялардын ишине түшүнбөстөн эле добуш бере беришет. Алар партиянын мүчөсү болбогондуктан программаны окуган эмес. Лидерлерден эки-үчөөнү тааныса, саясий кеңештин мүчөлөрүн тааныбайт. Келечектеги 5 жылга кандай максаттарды койгонун окуп, сурап, жыйындарына катышпайт, анан жөн эле апендиче добуш берип коюшу мүмкүн. Өздөрү партиянын мүчөсү болбогондон кийин алардын сураганга укугу жок. Негизи Өмүрбек Текебаев жазган Конституциянын негизинде куралган Жогорку Кеңеш - көп партиялуу парламентаризм. Мындай системди 100 жыл мурун Ленин жок кылган. Керенскийдин убактылуу өкмөтүндө 20дай партия бийлик талаша берип, аягында ошондон баш аламандык чыккан. Анан Коммунисттик партияны Ленин башкарып, партиянын лидерлигине келген. Бир партиянын бийлиги бүгүн Кытайда, Түндүк Кореяда бар. Ал эми бизде болсо көп партиянын бийлиги. Бирок кыргыздар "көп суур ийин казбайт, казса да терең казбайт" дегенди билет да. Көп партиялуу системди жок кылыш керек. Андан көрө бир мандаттуу систем киргизгенде бир айыл өкмөттөн бир депутат келет. Алар өзүнүн туулуп-өскөн жери менен байланышта болот. Эл кааласа уяткарат, кааласа башкасын шайлайт. Алыскы Лейлек айылын же Ысык-Көлдүн тескей жагындагы айылдардын бирин мисал келтирели. Ал жерде партиянын мүчөлөрү такыр жок болсо, жөндөн жөн эле бирөө барып аларга отчёт берип, бирөөнүн камын ойлобойт. Мына ошон үчүн Жанар Акаев, Равшан Жээнбеков партиядан кетип калышкан. Азыркы парламентте жергиликтүү эл менен жолугушууга барып койбогондор да бар", - деди Турат Акимов.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан