Экс-акыйкатчы Бактыбек Аманбаев: "Партиялар шайлоочулардын ишенимин, берген добушун актаган жок"

Кыргыз мамлекетинде шайлоо алдында партиялар элдин добушун алуу үчүн бир канча куру убадаларды беришет. Андан кийин убадалар унутта калат. Мындан улам коомчулук дайыма Жогорку Кеңешти кескин сындап келишет. 2015-жылы парламенттик шайлоо өтүп, 6 партия жеңишке жеткен. Бул чакырылыштын депутаттарынын мөөнөтү бүтөрүнө 2 жылга жакын убакыт калды.

SUPER.KG порталынын "Жогорку Кеңешке шайланып келген партиялар шайлоочулардын ишенимин актап жатышабы?" деген соболуна экс-акыйкатчы Бактыбек Аманбаев жооп берди.

анын айтымында, Кыргыз мамлекетиндеги эң адилетсиздиктин башаты - шайлоо мыйзамы.

"Парламент шайлоочулардын ишенимин, берген добушун актаган жок. Муну ачык эле айтса болот. Парламент, тилекке каршы, коррупциялык, адилетсиз жол менен уюшулган орган. Эмне үчүн коррупциялык, адилетсиз? Кыргыз мамлекетинде кимдин 200 миң доллар акчасы болсо, ал Жогорку Кеңештин депутаты боло алат. Кимдин 500 миң доллар акчасы болсо, анда ал алтын мандат сатып алып, шайлоо процессине катышпай чет мамлекетте ойноп жүрүп депутат болот. Бул нерсени эч ким танып, жашыра албайт. Эртең кимдир-бирөө бул туура эмес десе, мени менен түз эфирге чыксын, далилдеп берем.

Шайлоодон кийин депутаттар көпчүлүк, азчылык коалиция түзүп жатат. Көпчүлүк көп, азчылык аз үлүш алып бөлүшүп Кыргыз мамлекетин тоноп, жешет. Жогорку Кеңеш 3 гана милдетти аткарышы керек. Аткаруу бийлиги эмне иш кылып жатканын түздөн-түз көзөмөлдөөсү зарыл. Алар көзөмөлдөбөй, күчтүү сын айтышкан жок. Себеби алардын ар биринин арты таза эмес. Элге каршы мыйзамдарды кабыл алып жатышат. Мисалы, Кыргыз мамлекетине келген ун азыктары боюнча мыйзам кабыл алышып, Кыргыз мамлекетине олчойгон зыян алып келишти. Депутаттар элдин көйгөйүн көтөрүп, чечишкен жок. Эл менен депутаттардын ортосунда байланыш үзүлгөн. Эл кимди шайлаганын билбейт. Партиянын тизмесин жетекчиси аныктайт. Ошондуктан Кыргыз мамлекетиндеги эң адилетсиздиктин башаты - бул шайлоо мыйзамы", - дейт Аманбаев.

Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Равшан Жээнбеков, Феликс Кулов, мурунку баш прокурор Кубатбек Байболов, саясий серепчи Алмазбек Акматалиев, саясий ишмер Темирбек Асанбеков, журналист Турат Акимовдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан