Унаа түртүп бараткан адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен милиция кызматкери эки айга камалды

Унаа түртүп бараткан адамды сүзүп кеткен Ак-Суу райондук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы эки айга камакка алынды. Мындай чечим Ысык-Ата райондук соту тарабынан 7-декабрда кабыл алынганын Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жол кырсыгы 3-декабрда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунунун 33-чакырымында түнкү саат 02:20 чамасында болгон. Анда жолдо бузулган унаасын түртүп бараткан Кегети айылынын 18 жаштагы тургунун Мерседес үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу сүзүп, эч кандай жардам көрсөтпөстөн окуя болгон жерден качып кеткен. Натыйжада С.Б. аттуу жабырлануучу оор жаракаттардан улам ооруканага жетпей каза болуп калган. Аталган кылмыш ишке шектелип 4-декабрь күнү Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, 1955-жылы туулган О.А. аттуу Дмитриевка айылынын тургуну кармалган.

Кийин ИИМдин Ички иликтөө кызматынын жүргүзгөн иликтөөсүнүн натыйжасында рулда Ак-Суу РИИБинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн О.М. аттуу башчысы экендиги аныкталган. Ал сурак берип жатып кылмышты жасаганын моюнуна алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Hacker99
2018-12-08 11:47:08
2 айга элеби?
0
Nanei
2018-12-08 13:36:18
О.а куноолуубу же о.м бы???
+1
Nargiza1987k
2018-12-08 19:11:51
Эмнеси болсода жаман иш болуптур олгон адамдын жакындарына сабр берсин АЛЛАХЫМ
+1
mederkg
2018-12-08 19:27:25
Пагончон утуп чыгат го дейм соттон бизде мыйзам акчасы жок танышы жок кара пайым адамдарга кана иштейт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан