Чүйдө унаасын түртүп бараткан айдоочуну сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. 18 жаштагы жабырлануучу каза болуп калган

Чүй облусунда жолдун боюнда бузулуп калган унаасын түртүп бараткан айдоочуну сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда Чүй ОИИББинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн маалымдашты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 3-декабрда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунунун 33-чакырымында түңкү саат 02:20 чамасында болгон. Анда жолдо бузулган унаасын түртүп бараткан Кегети айылынын 18 жаштагы тургунун Мерседес үлгүсүндөгү унаанын белгисиз айдоочусу сүзүп, эч кандай жардам көрсөтпөстөн окуя болгон жерден качып кеткен. Натыйжада С.Б. аттуу жабырлануучу оор жаракаттардан улам ооруканага жетпей жолдон каза болуп калган.

Жүргүзүлгөн издөө иштеринин алкагында кечээ, 4-декабрь күнү Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаанын 1955-жылы туулган О.А. аттуу Дмитриевка айылынын тургуну кармалган. Учурда чогултулган материалдар тиешелүү мекемеге өткөрүлүп берилди. Унаа айып аянтчасына токтотулуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Shokoladka94
2018-12-05 13:05:20
Ээхх айдоочу, жапжаш баланы олтурупсун да
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан