Чүй облусунда жолдун боюнда бузулуп калган унаасын түртүп бараткан айдоочуну сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен жаран Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болгон. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Жол кырсыгы 3-декабрда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунунун 33-чакырымында түнкү саат 02:20 чамасында болгон. Анда жолдо бузулган унаасын түртүп бараткан Кегети айылынын 18 жаштагы тургунун Мерседес үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу сүзүп, эч кандай жардам көрсөтпөстөн окуя болгон жерден качып кеткен. Натыйжада С.Б. аттуу жабырлануучу оор жаракаттардан улам ооруканага жетпей жолдон каза болуп калган. Буга чейин белгилүү болгондой, бул кылмышка шектелип 4-декабрь күнү Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, 1955-жылы туулган О.А. аттуу Дмитриевка айылынын тургуну кармалган.
"Окуя болгон күнү кылмыш иши козголуп, шектүү катары 63 жаштагы О.А. кармалган. Кийин ИИМдин Ички иликтөө кызматынын жүргүзгөн иликтөөсүнүн натыйжасында рулда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында иштеген адам болгону тууралуу маалымат ачыкталган. Мындан улам көзөмөл камераларына түшүп калган видеолордун баары иликтене баштаган. Натыйжада рулда улгайган адам эмес, жаш эле адам отурганы аныкталган. Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан Ак-Суу РИИБинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, 1982-жылы туулган О.М. кармалып, суракка алынды. Ал кылмышты жасаганын моюнуна алды", - деп жазылат маалыматта.