16-июлда Жогорку Сотто депутаттар Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов боюнча өтүп жаткан соттук отурумда жактоочу Шарабидин Токтосунов залдагы ашыкча адамдарды сыртка чыгаруу керектигин айтты. “Бул жерде мамлекеттик айыптоочулар, жактоочулар, жабырлануучулар жана журналисттер гана калып, калганы чыксын. Биздин тарапташтар, депутаттардын жакындары соттук отурумга кирбестен эшикте жүрүшөт, ал эми бул жерде болсо бул ишке тиешеси жок эле адамдар толуп алыптыр. Теңдик болушу керек”,- деди жактоочу.