Ысык-Көл. Кургак учук менен ооругандардын саны былтыркыга салыштырмалуу кыскарды

Облуста 2013-жылдын 6 ай аралыгында кургак учук илдетине кабылган 161 адам катталды. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 14 адамга аз. Ысык-Көл облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун директору Жаңыл  Акунованын айтымында, илдетке кабылгандардын ичинен 14 жашка чейинкилердин саны былтыркы жылы 29 болсо, быйыл 9 катталды. "Ооруга эң көп чалдыккан район Ак-Суу районуну. Былтыркы жылы бул аймакта 6 айда 20 адам кургак учукка кабылса, 2013-жылдын башынан бери 26 адам катталды. Ысык- Көл районунда  былтыр 24 адам бул илдетке туш болсо, быйыл 27 адам каттоого алынды. Калган райондордо бул дартка чалдыккандардын саны азайууда",- дейт Ж.Акунова

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан