Ысык-Көл. Ысык-Көл мамлекеттик университетинде быйыл студенттердин контракттык төлөмүнүн баасы көтөрүлбөйт

Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде быйыл келишимдик негизде окуган студенттердин окуу төлөмү кымбаттабайт. Бул тууралуу аталган окуу жайдын кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Дөөлөтбек Аканов билдирди. Айтымында, контракттык төлөмдүн баасы 20 миңден 24 миңге чейин, сырттан окуу бөлүмүндөгү контракттын баасы 15 миңден 18 миңге чейин болот. "Быйыл университетте төлөм каражаттары боюнча эч кандай өсүү болбойт",- деп белгиледи ал. Эске сала кетсек, аталган окуу жайга быйыл келишимдик негизде окууга 925, сырттан окуу бөлүмүнө 225 орун берилген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан