Транспорт жана жолдор министрлиги: "Министр кызматтан кеткен жок"

"Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов кызматынан кетти деген маалымат чындыкка жатпайт", - деп бүгүн, 11-декабрда SUPER.KG'ге аталган министрликтин басма сөз катчысы Кылыч Досумбетов билдирди.

"Министр Жамшитбек Калилов кызматтан кеткен жок. Өз жумуш ордунда эле иштеп жатат. Интернетке тараган маалымат чындыкка жатпайт", - деди ал.

Буга чейин министр Жамшитбек Калиловдун орун басары Азимкан Жусубалиев "Тоdini" (Италия) деп аталган компаниядан 50 миң доллар пара алып жаткан учурда УКМК тарабынан кармалып камакка алынган. УКМКнын маалыматына караганда, Жусубалиев ал компаниядан жалпы жонунан пара катары 520 миң доллар сурап, буга чейин 120 миң долларын колуна алганын, калган бөлүгүн да кийинки апталарда алууну пландаган.

Транспорт жана жолдор министринин маалыматына караганда, ушул жылдын сентябрь айында Нарындагы Эпкин-Башкууганды аймагындагы унаа жолдун 70 чакырымын курууга тендер өтүп "Todini" компаниясы утуп алган. Ал 70 чакырым жол Түндүк-Түштүк жолунун 2-фазасынын 3-участогу болуп саналат. Тендердик комиссияга Жусубалиев өзү төрагалык кылган. Комиссия курамында Финансы министрлигинин өкүлдөрү, коомдук байкоочу кеңеш жана биздин кызматкерлер болгон.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов SUPER.KG'ге пара менен кармалган орун басары министрликте коррупцияга каршы күрөштүн башында турганын билдирген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat.97
2018-12-11 15:59:35
Кет!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан