Бишкектин көчөлөрүндөгү талапка жооп бербеген 41 даана көрнөк-жарнак алынды

Бишкек шаарынын мэриясынын Жарнама департаменти, “Тазалык” муниципалдык ишканасы, мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү жана райондук администрациялар менен биргеликте өткөргөн кезектеги рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз орнотулган жана эскирген 41 даана көрнөк-жарнак алынып салынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Рейд Фучик, Киев, Жибек Жолу, Чүй көчөлөрүндө өткөрүлгөн. Мындай иш-чаралар Бишкек шаарынын мэриясынын 04.08.2008-жылдагы “Шаардын көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу чаралары жөнүндө” №342-токтомунун жана шаарды көрктөндүрүү эрежелеринин негизинде өткөрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан