Депутат Талант Мамытов бүгүн, 16-июлда туугандары соттук отурумга кирбей калганына нааразы

Кылмыш иши башка убактарда Жогорку Сотто 2-3 айда жетет, ал эми биздин иште бир жумада жетти. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда маалымат жыйында депутат Талант Мамытов билдирди. Айтымында, жактоочулар тарабынан каршы пикир берүүгө убакыт беришкен жок. “Сот процесси башталарда эртең менентен бери милиция кызматкерлерин алып келип, иттер менен текшерүүлөр болуп, атайын тизме түзүп алышып, ошол аркылуу гана киргизип жатышты. Биздин жакын туугандарыбыз кире албай калды. Жапаровдун агасы, иниси, Ташиевдин карындашы, керек болсо менин жубайым да кире албай калды. Сот процессине белгисиз адамдар кирип отурду. Мунун эмне кереги бар? Эмне себептен соттук отурум ачык болсо да, кээ бир адамдарды киргизбейт? Бул саясий процесс болуп жатат”,- деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан