Бурулайдын өлүмү боюнча милиция кызматкерлеринин соту болду. Жабырлануучу тарап эки кызматкерге тосмо арыз жазды

Милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулай Турдали кызынын атасы Турдали Кожоналиев Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн эки кызматкерине карата тосмо арыз жазды. Бул тууралуу жабырлануучу тараптын жактоочусу Есения Рамазанова билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 12-декабрда Аламүдүн райондук сотунда Жайыл РИИБинин кызматкерлерине карата козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум болуп өттү.

"Арызды бүгүн судьяга бердик. Ал соттук отурумдун аягында чечим чыгарарын айтты. Бул процесске кылмышкерлер Марс Бөдөшов жана Акмат Сеитов да күбө катары суралат", - деди Рамазанова.

Эске салсак, Бурулайдын өлүмүнө байланыштуу 23 милиция кызматкери административдик жазага тартылып, алардын 13ү кызматтан бошотулган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Orozaly737373
2018-12-12 18:46:52
Ээ акчасы болсо Ошо экенде ошолор ду сотош керек эле да
+4
jaskaaa
2018-12-12 18:54:58
ХХХХ Кызы өлүп атса. Ошо милицияларды камаш керек болчу. Түрмөнү көрүп чыгышса болмок.
+6
admin_superstan
2018-12-12 19:14:16
jaskaaa,адамдын кадыр-баркына шек келтирген билдирүү жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
ikitaidesu
2018-12-12 19:00:47
Булардан да 300-400 миң алып тосмо арызын жазып берди да...
+8
Arsenal93.
2018-12-12 19:00:59
Кыргызстанда акыйкат жок.сотторду ит аткандай атсан тизип туруп
+8
barakcha
2018-12-12 19:26:50
Турдаалыга соз жок!
+11
zevs
2018-12-12 19:44:04
Bet dele jok ekenda turganga jarawa akyryna cheyin turuw kerek ele akchasyn alyp chetinen tozmo aryz jazbay.
+10
Moidunof
2018-12-12 21:13:21
Кыздын атасы эмне учун мынча артынан чуркаганы белгисиз болуп калды го? Куноолуулор жаза алышы учунбу же акча алып кайра тосмо арыз жазуу учунбу?
+3
Adi010891
2018-12-12 22:08:12
Moidunof,акча учун жанын берген адам окшойт Турдаали аксакал.
+3
Pchelka85
2018-12-12 21:56:01
Менимче и дураку понятно деген кеп да... 2 миллионго жетсе керек чогулткан акчалары... эх, Турдали Мырза..
+3
bakytkg007
2018-12-12 23:57:34
Ой тобоо адамдар мынча оюнар жаман болуп баратат, отуруп алып эле комментарий жазганда кичине ойлосонор, бул аксакалды биротоло акча алгыч кылып койдунарго. Жазылып туратко жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо болумунун эки кызматкерине тосмо арыз жазыды деп, ал эконун иши машинаны кармап милицияларга откоруп бермей да ошого аларга тосмо арыз жазса керек аларда куно жокда менимче иштин бары убак-у кармоочу жайда болуп жататго мен ушундай тушундум дагы кандай бир кудай билет.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан