"Ата журтчу" 3 депутат боюнча сот ишине Аида Салянова кийлигишип жатканын депутат Талант Мамытов билдирди

Депутат Талант Мамытов бүгүн, 16-июлда маалымат жыйынында соттук процесстин эрте башталышына жана 3 депутаттардын жакындары сот залына кире албай калгандыгына нааразычылыгын билдирди. “Бул иштердин артында Аида Салянова жана анын жолдошу да турат. Жан сакчыларга жаңыдан жактоочу болуп келген адамдарга кылмыш иши менен таанышып алууга мүмкүнчүлүк беришкен жок. Бул туура эмес, 1 жуманын ичинде 16 томдук иш менен таанышып чыгуу да мүмкүн эмес”,- деди эл өкүлү. Ошондой эле депутат алардын тарапташтары коомдук фонддун кызматкеринин футболкасын айрып салгандыгы тууралуу укпагандыгын айтты. “Мен бул тууралуу билбейт экенмин, бирок негизи бул иш туура эмес”,- деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан