Журналисттин футболкасын айрып салган "ата журтчу" депутаттардын тарапташы 3 суткага камакка алынды

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен бүгүн, 16-июлда Жогорку Соттун имаратынын алдында бир журналисттин футболкасын айрып салган аял 3 суткага камакка алынды. Бул тууралуу Жогорку Соттон билдиришти. Айта кетсек, бүгүн "ата журтчу" 3 депутаттын иши каралар алдында журналист Рысбек Токтоналиевге сыртта топтолуп турган аялдардын бири кол көтөрүп, анын үстүндөгү кийимин айрып салган болчу. Токталиев өзү окуя эки аялдын урушуп жатканын видеокамерага тартып жаткандыгынан болгонун айткан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан