Бишкектин жана Чүйдүн айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт
Бүгүн, 17-июлда саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкектеги №300-көп кабаттуу үйдө, Орозбеков, Хмельницко, Керамический, Панфилов, Медеров көчөлөрүндө, Мурас-Ордо, Алтын-Ордо, Ак-Ордо, Кара-Жигач жаңы конуштарынын айрым бөлүктөрүндө электр энергиясы өчүрүлөт. Аламүдүн районунун Кара-Жыгач, Көк-Жар айылдарында да электр энергиясы болбойт. Өчүрүүлөр тиешелүү жабдууларды оңдоо иштерине байланыштуу боло турганын "Түндүк электр" ишканасы билдирет.